Дубайдагы ресторан желбей калган тамак үчүн айып пул киргизди

© Sputnik / Сергей Симов / Медиабанкка өтүүРесторан Ходок
Ресторан Ходок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ресторандын ээси мындай ыкма кардарларды ашыкча тамакка тапшырык берүүдөн коргойт деген пикирде.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Дубайдагы ресторан тамагын түгөтө жебей койгон кардарларга айып пул киргизгенин TimeOutDubai басылмасы билдирди.

Ага ылайык, тамагын толук жебей койгон кардарлар кошумча 50 дирхам (13,6 доллар) төлөйт.

Ресторандын ээси мындай жол менен кардарлар тамакка тапшырык берер алдында ойлонуп, курсагы тойгудай гана тамак алат деген ниетин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0