Мексикада бензин уурдоону оор кылмышка теңегени жатышат

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүЗакупка бензина впрок в Чите
Закупка бензина впрок в Чите - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар сааттап кезекте турган учурлар арбын экени айтылды.

БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Мексиканын ички иштер министри Ольга Санчес Кордеро бензин уурдагандарды оор кылмышка теңеш керек деген сунуш киргизди. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

Январдан бери Латын Америкасындагы өлкөлөрдө күйүүчү майдын каатчылыгы жүрүүдө. Уурулукка каршы күрөштүн айынан бензин менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралып жатканы айтылды.

Айдоочулар сааттап кезекте турган учурлар арбын. Бийлик түтүк менен майды соруп алууга тыюу салып, бензинди автоунаа менен ташып жеткире баштады.

"Май уурдоо оор кылмыш катары каралышы керек. Ошондо гана биздин өлкөгө кесепетин тийгизип жаткандардын изине соттук тартипте түшө алабыз", — деген ал парламентке кайрылып.

Министрдин айтымына караганда, бензин уурдоо боюнча 1,7 миң иш ачылган.

Аткаминер өлкөдө күйүүчү май тартыш эместигин, болгону аны жеткирүү, камсыздоо боюнча көйгөй жаралып жаткандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0