Симоньян Facebook компаниясынан Sputnik аккаунттарын жапканына түшүндүрмө сурады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүRT менен "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив
RT менен Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабылууга дуушар болгон аккаунттар — Sputnik агенттигине тиешеси барлар же аталган ресурстун журналисттери.

БИШКЕК, 18-янв. Sputnik. RT менен "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян Facebook компаниясынан Sputnik аккаунттарын эмнеге жапканына түшүндүрмө сурады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Facebook өзүнүн билдирүүсүндө жабылган баракчалардын ичинде жазылгандарга эч кандай нааразылыгы жок экендигин жазды. Биз Facebook менен жай турмуштун эч кандай эрежелерин бузган жокпуз. Эмнеге каршы сүйлөп, кандай эрежелерди бузганыбызды бир күн бою карап чыгып, түшүнгөн жокпуз", — деп айтып берди ал.

Симоньяндын айтымына караганда, жабылууга дуушар болгон аккаунттар — Sputnik агенттигине тиешеси барлар же аталган ресурстун журналисттери. Редактор бул кадимки эле цензураны эске салып жаткандыгын айтты.

"Эгерде бул цензура болбосо, эгерде Facebook либералдуу идеяларды эркин бөлүшө турган медиа айдың деп ишенип келсек, биз же эч нерсе билбейбиз, же ушунчалык баеобуз", — деген Симоньян.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Google, Twitter, Facebook өз колдонуучуларын алдап жатат
Буга чейин Facebook тармагынын кибер коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Натаниель Глейхер аталган дүйнөлүк желедеги 364 баракча өчүрүлгөндүгүн билдирген.

Мындай кадам "аталган тармактын Россия, Балтика боюндагы өлкөлөр, Борбор Азия, Кавказ, Борбордук жана Чыгыш Европа алкагындагы" координациялоо ишине катышы болгон үчүн жасалган.

Мындан сырткары, компания 107 баракчаны (Facebook) жана 41 аккаунтту (Instagram) өчүргөн. Маалыматта алардын ээлери өздөрүн украиналык катары көрсөтүп, Украинадан чыккан маалыматтарды тараткан. Билдирүүдө бул аккаунттардын да Россияга тиешеси бар экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0