Жакшы кабар! Уранды алдында калган ымыркай палатага которулду. Видео

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүү11-ти месячный Ваня Фокин в НИИ неотложной детской хирургии и травматологии
11-ти месячный Ваня Фокин в НИИ неотложной детской хирургии и травматологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Буюрса, оң буту сол жагындай эле толук иштеп, сакайып кетет" деди министр.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Магнитогорскиде урандылар алдынан куткаруучулар сууруп чыгып сактап калган 11 айлык Ваня Фокинди реанимациядан кадимки палатага которушту. Бул туурасында 1tv.ru билдирди. 

Эске салсак, куткаруучулар Магнитогорскидеги кырсыктаган үйдүн урандыларынын алдынан 11 айлык наристени алып чыгып, абалы оор болгондуктан бир аз өтпөй Москвага алып кетишкен. Бөбөк бетондун алдында 1,5 сутка жаткан

Ванянын жакшы болуп калганы боюнча жакшы жаңылыкты Саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова айтып берди. Ал бөбөктүн абалы күн сайын жакшырып бара жатканын, ойноп, ал тургай керебетке таянып турганга жарап калганын кабарлады.

Алгач, дарыгерлер баланын абалы начар экендигин, дарылоо абдан узакка созулаарын айтышкан.

Балдарга Травматология жана хирургия боюнча токтоосуз жардам көрсөтүүчү улуттук илимий изилдөө институтунун президенти Леонид Рошаль бөбөктүн абалы туурасында маалымат берди.

"Ванянын абалы биринчи алып келгенде абдан оор эле. Бетон астында калган, суукка кайыккан, чаңда жаткан. Анын кесепетинен бөйрөгү, дем алуу органдарынын, жүрөк кан тамыр системасынын иштеши начарлаган. Буюрса, баары артта калды, дарылап, бутуна тургузуп келе жатабыз", — деди Рошаль.

Ал эми министр Скворцова наристе алгачкы сөзүн сүйлөп, энесинин суроолоруна жооп берип, элге аралашып калганын кошумчалады.

Магнитогорскидеги каргаша - Sputnik Кыргызстан
Магнитогорскидеги каргаша: уранды алдында эч ким калган жок
"Бизди буту тынчсыздандырып жаткан. Дагы бир жакшы жаңылык, бутуна операция жасалбай турган болду, анын ордуна атайын ыкмалар менен дарылоо уланууда. Манжалары кызарып турганы менен сактап калууга мүмкүнчүлүк жаралды. Буюрса, оң буту сол жагындай эле толук иштеп, сакайып кетет", — деди министр.

Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскидеги Карл Маркс, 164 дарегинде жайгашкан он кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшкөн. Анда 46 киши жашаган 26 батир талкаланып, жалпысынан 39 адамдын сөөгү табылган.

Ал эми Ваня Фокин уранды алдында —25 градус суукта 30 саат жатып калган.

Баланы уранды алдынан сууруп чыккан видео дүйнөгө тарап, планетанын жашоочулары анын саламаттыгына санааркап көз салып турган

Жаңылыктар түрмөгү
0