Японияда фура айдаган кыз Instagram жылдызы болду. Сүрөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүү"Неженская" профессия. Дальнобойщица Евгения Маркова
Неженская профессия. Дальнобойщица Евгения Маркова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал фура айдайм деп такыр ойлогон эмес, бирок жети жыл мурда болгон окуя турмушун түп-тамырынан бери өзгөрткөн.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Японияда фура айдаган 21 жаштагы Рино Сасаки Instagram жылдызына айланды. Анын келбети жана тандаган кесиби башкалардын көңүлүн буруп жатканын Oddity Central басылмасы жазды.

Автобуста отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
National Geographic автобуста бараткан кыргызстандык кыздын сүрөтүн чыгарды
Ага ылайык, кыздын үй-бүлө мүчөлөрү да фура айдайт. Бирок ал жүк ташыган унаа айдап калам деп такыр ойлогон эмес. Бирок жети жыл мурда болгон окуя кыздын пландарын өзгөрткөн.

Жүк ташуучу автоунаа айдаган атасы ооруганына карабай жумушка чыгып кеткен. Бул кызды аябай кабатырлантып, "жолдо бир нерсе болсо ким жардам берет" деген ой кыжаалат кылган. Жыйынтыгында Сасаки бийди таштап, айдоочулук күбөлүк алып, алыс жолго чыкканда атасын коштоп жүргөн.

Убакыттын өтүшү менен атасынын жумушун өзүнө алган.

Ринонун айтымында, ал атасы менен көп убакыт өткөрөт жана айдоонун айрым сырларын дагы да болсо үйрөнүп келет.

Япониянын тургундары өң-келбеттүү жаш кыздын оор жумушту тандап алганы таң калтырат. Ошентсе да анын социалдык тармактагы баракчаларына миңдеген кишилер жазылган.

Бийкеч Instagram баракчасына алыскы жолго чыккандагы сүрөттөрүн жарыялап турат.

Сасаки фура менен өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жер-жемиш менен жашылчаларды ташыйт.

Жумуштагы тоскоолдук катары ал өзүнө чак келбеген формалар экенин белгилейт. Ошол себептен келечекте фура айдаган аялдарга ылайыктуу кийим чыгарууну ойлонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0