Дүйнөнүн эң сулуу кыздары жашаган өлкөлөрдүн рейтинги

© AFP / Noel CELIS"Мисс Вселенная" Катриона Грэй
Мисс Вселенная Катриона Грэй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизме эл аралык ири сынактардын жыйынтыгына карап түзүлдү.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Сулуулук сынактары боюнча Missosology порталы дүйнөдөгү эң сулуу кыздар жашаган мамлекеттерди атады.

Өлкө рейтингдери эл аралык ири сынактардын жыйынтыгына карап түзүлдү. Алардын эсептөөсүнө караганда, эң сулуу кыздар Венесуэлада жашайт.

Аталган мамлекетке биринчиликти Miss International сынагына катышкан Марием Веласко, "Аалам сулуусу" конкурсунда экинчи болгон Стефани Гутьеррес жана "Дүйнө сулуусу", "Жер сулуусу", Miss National сынактарына катышкан бийкечтер алып берди.

Ал эми "Аалам сулуусу" сынагында жеңүүчү аталган Катриона Грэй филиппиндерди экинчи орунга чыгарды.

Үчүнчү орун Мексикага буюрду. Бул өлкөнүн атынан чыккан Ванесса Понс де Леон "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагында жеңүүчү аталган.

Булардан кийинки орунда Түштүк Африка Республикасы менен Вьетнам турат. Ал эми алдыңкы ондукка АКШ, Таиланд, Пуэрто-Рико, Колумбия жана Индонезия кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0