Судмедэксперты уносят тело погибшего, при взрыве нефтепровода Туспан-Тула в Мексике. 19 января 2019 года

Мексикадагы мунай түтүгүнүн жарылышынан 66 адам каза тапты

186
(жаңыланган 19:43 25.01.2019)
Штаттын губернаторунун айтымында, жабыркагандардын абалы оор жана өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Мексикадагы күйүүчү май өтүүчү түтүктүн жарылышынан каза болгондордун саны 66га жетти. Дагы 76 киши түрдүү жаракат алган. Бул тууралуу РИА Новости Идальго штатынын губернатору Омар Файядга шилтеме берип жазды. 

“Айрым жабыркагандардын абалы оор жана өтө оор”, — деди губернатор.

Анын айтымына караганда, жабыркагандардын арасында 18 жашка чейинки жети жана 12 жаштагы бир бала бар. 

Эске салсак, 18-январда 350дөн ашык адам мыйзамсыз негизде Мексиканын Идальго штатындагы Туспан – Тула түтүгүн кесип, андан бидон жана канистрлерге күйүүчү май толтуруп жатканда жарылып кеткен. 

Жыл башында Мексиканын жаңы өкмөтү бензин уурдагандарга каршы стратегиясын ишке ашырган. Бийлик түтүктөр мыйзамсыз көп кесилген аймактарга күйүүчү майды жөнөтүүнү токтотуп, аны цистерналар менен ташууга өткөн. Мындан сырткары, мунайды кайра иштеткен бардык заводдор менен стратегиялык объектилердин ташуу ишине аскер күчтөрү тартылган. Мунун айынан бензин жеткирүү ишинде тоскоолдуктар пайда болуп, май куюучу жайларда узун кезек жаралган.

186
Белгилер:
жарылуу, Мунай, Мексика
Тема боюнча
Мексиканын жарандары мунай уурдап жатканда түтүк жарылып, 20 адам каза болду