Кытайда баңгизат саткан аткаминер өлүм жазасына тартылды

© AFP / PAUL J. RICHARDSӨлүм жазасы. Архив
Өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда өлүм жазасына бир топ берене боюнча тартылат, бирок алардын басымдуу бөлүгү баңгизатына байланыштуу.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кытайдагы Бошэ айылынын коммунисттик партиясынын мурдагы катчысы 180 килограммдан ашык баңгизатын сатканы үчүн өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды.

Тюрьма города Даллас - Sputnik Кыргызстан
АКШда өлүм жазасынын ишке ашырылышын 11 жыл күткөн киши өз жанын кыйды
Маалыматка ылайык, аткаминерди өлүм жазасына тартуу өкүмү 2016-жылы чыккан. Бирок айыпталуучу соттун чечими менен макул эместигин айтып, апелляциялык арыз жазган. Аны карап чыккан өлкөнүн Жогорку элдик соту өкүмдү күчүндө калтырып, айыпталуучу бейшемби күнү өлүм жазасына тартылган.

Кытайда өлүм жазасына бир топ берене боюнча тартылат, бирок алардын басымдуу бөлүгү баңгизатына байланыштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0