Дүйнөдөгү эң кары эркек көз жумду

© AFP / JIJI PRESS Масасо Нонака из Японии
Масасо Нонака из Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыя өмүрүнүн акыркы жылдарында Хоккайдо аралында неберелери менен жашап жүргөн.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң кары адам деп таанылган япониялык Масадзо Нонака 113 жашында көз жумду. Бул тууралуу tv.asahi сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Нонака 1905-жылдын 25-июлунда туулган. Беш балалуу болгон.

"2018-жылдагы маалыматка караганда, анын эки баласы тирүү болчу. Карыя өмүрүнүн акыркы жылдарында Хоккайдо аралында неберелери менен жашап жүргөн", — деп айтылат макалада.

Эми дүйнөдөгү эң улгайган адам катары 1905-жылдын 15-октябрында туулган германиялык Густав Гернет таанылышы мүмкүн экени кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейинки планетанын эң улуу жашоочусу Наби Тадзима былтыр 118 жашында каза болгон. Ал дагы Япониянын жараны болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0