Майкл Жексон кайрадан өспүрүмдөрдү зордуктаган деп айыпталды

© AFP / HECTOR MATA / POOL2009-жылы каза болгон дүйнөлүк атактуу ырчы Майкл Жексон. Архив
2009-жылы каза болгон дүйнөлүк атактуу ырчы Майкл Жексон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кордук көрдү делген Уэйд Робсон жети жашында ырчынын курмандыгы болуп, кордук көрсөтүү жети жылга чейин созулганын айткан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. 2009-жылы каза болгон дүйнөлүк атактуу ырчы Майкл Жексон бир нече өспүрүмдү зордуктаган деп айыпталганын The Sun басылмасы жазды.

Майкл Джексон со своим отцом Джо - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Майкл Жексонду атасы химиялык жол менен эмнеге бычканын айтып берди
Ага ылайык, бийчи Уэйд Робсон "Покидая Неверленд" даректүү тасмасында айтып берген. Анын айтымында, жети жашында ырчынын курмандыгы болуп, бул кордук көрсөтүү жети жылга чейин созулганын кошумчалаган. Ал 14 жашка толгондо Жексондун ага болгон кызыгуусу тарап кеткени айтылат.

"Покидая Неверленд" даректүү тасмасы "Сандэнс" кинофестивалында ушул айдын аягында көрсөтүлөт. Тасмада Робсондон тышкары ырчыдан кордук көрдү делген Жеймс Сейфчак башынан өткөндөрдү айтып берет.

Майкл Жексон музыканын тарыхына эң көп ийгилик жараткан ырчы катары кирген. Ал 15 жолу "Грэмми" сыйлыгын алган, андан сырткары, 1 миллиардан ашык альбому сатылган. Ырчы 2009-жылы 25-июнда каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0