Кытай бийлиги ДНКсы өзгөртүлгөн балдар туулганын тастыктады

© AP Photo / Fernando Antonio, FileЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперименттин жыйынтыгында эки аялдын боюна бүткөн. Алардын бири эгиз балалуу болсо, экинчиси төрөй элек.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кытайдын тергөө органдары гендик-модификацияланган ымыркайлар төрөлгөнүн расмий тастыктады. Бул тууралуу Xinhua агенттиги жазды.

Чанаа ойноп жаткан Пекин шарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 70 жылдан бери биринчи жолу элдин саны азайды
2018-жылдын ноябрь айында Хэ Цзянькуй аттуу окумуштуу дүйнөдө биринчи жолу ВИЧ илдетин алдын алуу үчүн ДНКсы өзгөртүлгөн балдар төрөлгөнүн жар салган. Мындан соң Кытайдын Саламаттык сактоо иштери жана баланын туулушун пландоо комитети иликтөө иштерин баштаган.

Окумуштууну дүйнөнүн ар тарабындагы кесиптештери жана кытай бийлиги сындап чыккан.

Иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, окумуштуу чындап эле ДНКсы өзгөртүлгөн балдарды жараткан.

"Цзянькуй бул кадамы менен өлкөнүн бир топ мыйзамдарын бузган. Изилдөө тобу эч кимге билдирбей, өтө кооптуу эксперимент жасаган", — деп айтылат макалада.

Тергөө органдары окумуштуу эки жыл бою экспертизанын жыйынтыгын жасалмалап жүргөнүн билдирди.

"Хэ Цзянькуй сегиз жупту тандап алыптыр. Эркектери жалаң ВИЧке кабылгандар болсо, аялдардын ден соолугу жакшы экен. Эксперименттин жыйынтыгында эки аялдын боюна бүткөн. Биринчиси эгиз балалуу болсо, экинчиси төрөй элек. Эки аял тең дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми эксперимент жүргүзгөн окумуштуу дайынсыз жоголуп кеткени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0