10 жыл комада жатып төрөгөн аял. АКШда оорукананын кызматкери кармалды

© AFP / CHARLES ONIANSОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Натан Сазерленд эс-учун билбей жаткан аялды зордуктаган дешүүдө.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда 10 жылдан бери комада жатып көз жарган аялдын иши боюнча оорукананын кызматкери кармалганын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20190123/1549797688.html

Аризона штатындагы Финикс шаарынын полиция жетекчиси Жери Уильямстын маалыматы боюнча 36 жаштагы Натан Сазерленд зордуктоого шектелүүдө. ДНК тестинин жардамы менен жарыкка келген ымыркай кармалган кишинин баласы болуп чыкты.

"Бул иштин аягына чыгуу үчүн күн-түн дебей иштедик", — деди Уильямс.

Оорукананын дарыгерлери түйүлдүктү аялдын боюнан албай койгондору үчүн сынга кабылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0