Цукерберг WhatsApp, Instagram жана Facebook мессенджерлерин бириктирмей болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМессенджер WhatsApp
Мессенджер WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Цукерберг мындай кадамга компанияга көзөмөлдү күчөтүү үчүн жасап жатканы айтылат.

БИШКЕК, 26-Янв. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг WhatsApp, Instagram жана Facebook Messenger тиркемелеринин билдирүүлөр кызматын бириктирүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу өз булактарына таянуу менен The New York Times гезити жазып чыкты. 

Мындай аракет башка тиркемеге өтпөй туруп эле баарлаша берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Системаны ишке ашыруу үчүн Facebook кызматкерлери базалык деңгээлде сервистердин конфигурациясын өңчөйлөштүрүүсү керек. Үч мессенджер тең өз алдынча иштей берет, болгону соцтармактагы сүйлөшүү системасы жалпы болуп калмакчы.

RT менен Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Симоньян Facebook компаниясынан Sputnik аккаунттарын жапканына түшүндүрмө сурады
Гезит мындай аракети менен Цукерберг компанияга көзөмөлдү күчөтүү үчүн жасап жатканы айтылат. Буга Facebook айланасындагы байма-бай чыккан ызы-чуулар себеп.

Эскерте кетсек, былтыр Facebook тармактын эрежесин кыйгап өтүп пайдалануучулардын маалыматын Трамптын шайлоо өнөктүгүнө пайдаланган Cambridge Analytica компаниясы менен жаңжалдаша кеткен. Кийинчерээк маалыматты Facebook компаниясынын эле кызматкерлери берип турганы аныкталган.

Мындай кемчилик үчүн Цукерберг АКШ Конгрессинин алдында жооп берип, "Facebook тармагын жосунсуз жоруктар үчүн пайдалануунун алдын албаганы үчүн" элден кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0