Германияда ажаткана кагазынан баш тартуу сунушталып жатат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАжаткана. Архив
Ажаткана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кагаздын ордуна сууну пайдалануу ар кыл тери ооруларынын алдын алат деп айтылып келет.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ажаткана кагазынан баш тартуу айлана-чөйрөгө өзүнүн оң таасирин тийгизерин германиялык журналист Лара Тиде жазып чыкты. Бул туурасында РИА Новости Jetzt журналына шилтеме кылып кабарлады.

Планета земля - Sputnik Кыргызстан
Планетада адам колу тие элек 5 гана пайыз жер калды
Макаланын автору келечекте адамзат ажаткана кагазынан баш тарып, анын ордуна сууну пайдаланып, кумган, суу түтүктөрү жана биде колдонуп калат деген үмүтүн жазган.

Тиде мындай кагаздар эскилерден эле жасалбастан, жаңысын даярдоо үчүн карагайларды кыюуга туура келип жатканын айтты. Мындан сырткары, бак-дарактарды ташып келүүгө, аларды жууганга кеткен энергия экологиялык чоң зыян алып келери маалым.

Ошол эле учурда ажатканадан кийин сууну пайдалануу ар кыл тери ооруларынын алдын алып, андан сырткары, ден соолукту бекемдей турганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0