Россияда Третьяков галереясынан сүрөт уурдады делген киши кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосквадагы Третьяков галереясындыгы полиция кызматкерлери
Москвадагы Третьяков галереясындыгы полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөт 12 миллион долларга камсыздандырылган. Аны белгисиз бирөө Третьяков галереясынан жекшемби күнү уурдап кеткен.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинджинин "Ар-Петри. Крым" сүрөтүн уурдады деп шектелген киши кармалганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Сүрөт Подмосковьедеги Одинцово районунан табылган. Аны белгисиз бирөө Третьяков галереясынан жекшемби күнү уурдап кеткен. Россиянын Маданият министрлигинин маалыматы боюнча сүрөт 12 миллион долларга камсыздандырылган.

Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финляндия ТИМи Кыргызстанга берем деген 400 миң еврону уурдатып ийди
РФ ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волктун айтымында, 31 жаштагы киши Москва облусундагы Заречье айылынан табылган. Кармалган жаран сүрөттү Одинцово районундагы курулуп жаткан имараттын ичине катканын айтып, полиция тинтүү учурунда катылган сүрөттү табышкан.

Шектүү киши 2018-жылы декабрда баңгизатын сактаганы үчүн полиция тарабынан кармалган. Андан сырткары, башка кылмыш иштерине тийиштиги бар делип, сыртка чыкпоо боюнча тил кат жазып бергени маалым болгон.

Учурда кармалган кишинин шериктери изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0