Хабиб Нурмагомедов Казакстандагы эсктремалдуу шоуну алып барат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүРоссиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа дүйнөнүн 118 мамлекетинде көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Казакстандагы The Nomads реалити-шоусун алып бара турганын BNews порталы Сандыктау районунун акими Асылбек Исмагамбетовго шилтеме берип жазды.

Теледолбоордун тартуу иши Акмоло облусунун Балкашино айылында болот. Жергиликтүү тургундар массовкага катышуу үчүн сынактан өтөт.

Экстремалдуу шоу дүйнөнүн 118 мамлекетинде көрсөтүлмөкчү. Долбоорго спортчулар жана олимпиада чемпиондору катышат. Алар спорт жана казак элинин каада-салты боюнча сыноодон өтүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0