Абадагы айкаш: капыстан келген Су-27 НАТО учагын оолактоого аргасыз кылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСу-27 учак. Архив
Су-27 учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан альянстын истребители өкмөттүк учакка жакындап келе жаткандыгын, ошол учурда капыстан СУ-27 пайда болгонун көрүүгө болот.

БИШКЕК, 1-фев. – Sputnik. Интернеттин колдонуучулары россиялык Су-27нин абадан НАТОнун учагын Россия өкмөтүнүн лайнеринен оолактатып жатканын талкуулашты.

Видео 2017-жылдын июнь айында тартылганы менен Ivan O'Gilvi аттуу колдонуучу Twitter тармагына 31-январда жарыялаган.

​Кадрдан альянстын истребители өкмөттүк учакка жакындап келе жаткандыгын, ошол учурда капыстан пайда болгон Су-27 жакындап келип, аны кескин оолактап кетүүгө аргасыз кылган.

Бул видео тууралуу батыштын бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинен Daily Mail жана The Aviationist жазып чыкты.

"О кудай, бул акылга сыйбаган нерсе!" — деп жазган @Kenneth83258000 деп катталган колдонуучу.

"Капыстан кирип келди го. Мышык чычканга тийгендей эле болду", — деп жазган qlswtwen530 деп катталган дагы бир колдонуучу.

Бир катар маалыматтарда пилоттун агрессиясы туурасында да жазып жиберишкен.

"Мен Су-27нин, россиялык учкучтун эч кандай жаман нерсесин көргөн жокмун", — деген оюн бөлүшкөн Archange Gabriel аккаунтунун ээси.

Дагы бирлери америкалык истребитель кантип Балтиканын асманында пайда болгонуна кызыккан.

"Америкалык истребитель Балтикада эмне кылып жүрөт? Адашып калганбы? Ал деген АКШдан 6000 миль алыс, так эле россиялык базада жүрөт го? Анан орустарды күнөөлөйсүңөр? Эгерде МиГ учактары Нью-Йорктун жанында жүрсө көрөт элем силерди?" — деген пикирин калтырган Wayne Clarke.

Буга чейин Американын Сиэтл шаарында уурдалган Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учактын артынан аскер учагы кууп бараткан учур жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0