Арыктоо менен таңкы тамактын байланышы жокко чыгарылды

© AFP / CHRISTIAN CHARISIUS / DPAОбщественное питание в Гамбурге
Общественное питание в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Австралиялык дарыгерлер 1416 адам катышкан жаңы иликтөө жүргүздү.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар арыктап жаткан адам сөзсүз эртең мененки тамакты жеш керек деген түшүнүктү жокко чыгарды. Бул тууралуу BMJ журналы жазды.

Забег Апхилл-2018 на горнолыжной базе Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Көп кыймылда! Окумуштуулар мээни жашартуунун жолун табышты
Буга чейин адистер арыктоо максатында диета кармап жүргөн адамдарга эртең мененки тамактан баш тартпоону сунушташчу. Алар ойгоно калып жеген тамак күнү бою өзүңдү тогураак сезип жүрүүгө жана зат алмашуусуна жардам берет деп эсептешчү.

Бирок австралиялык дарыгерлер 1416 адам катышкан жаңы иликтөө жүргүздү.

"Жыйынтыгында эртең менен сөзсүз тамактанган адамдар тамактанбагандарга караганда күнүнө 260 калорий ашыгыраак топтоору маалым болгон. Ошондой эле алгачкы тамагын түшкө маал жеген адамдардын салмагы тезирээк түшкөнү байкалган", — деп айтылат макалада.

Окумуштуулар белгилей кеткендей, эртең мененки тамактануу пайдалуу жана зарыл. Бирок ал арыктоого жардам берет деп ойлоо жаңылыштык.

Жаңылыктар түрмөгү
0