ЖМК: Елизавета II Лондондон эвакуацияланышы мүмкүн

© AFP / ANDREW PARSONS / POOLЛидеры мировых держав с зонтами
Лидеры мировых держав с зонтами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британия Евробиримдиктен эки айда, тагыраагы 2019-жылдын 29-мартына чейин чыгышы керек.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана анын үй-бүлөсү Brexit окуясынан улам башаламандык болуп кетсе, эвакуацияланышы мүмкүн. Бул туурасында Times өзүнүн маалымат булагына таянып жазды. 

Басылма ханышаны коопсуз жайга көчүрүү планы кансыз согуш мезгилинен, СССР Улуу Британияга сокку урушу мүмкүн деген кооптонуудан бери келе жаткандыгын жазган. Маселе кайрадан Улуу Британиянын Евробиримдиктен макулдуксуз чыгышы боюнча маселе көтөрүлгөндөн кийин актуалдуу боло баштады.

Евробиримдиктин желегин көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир катар өлкөлөр Евробиримдиктен эмнеге чыгып кете алышат. КР экспертинин пикири
Басылма эгер зарылдыгы болсо, ханыша Лондон шаарынан "жашыруун жайга" көчүрүлөрүн жазды.

Улуу Британия Евробиримдиктен эки айда, тагыраагы, 2019-жылдын 29-мартына чейин чыгышы керек. Анткен менен парламент да, өкмөт да ЕБден чыгуу шарты боюнча макулдаша элек. Ал эми аталган уюм Лондон менен андан аркы сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан.

2016-жылдын июнь айынын соңунда Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берип, бирок Шотландия уюмда калуу чечимин билдирген. Мындан кийин премьер-министр Дэвид Кэмерон кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0