Россиянын белгилүү рэпери Децл концерттен кийин жүрөгү кармап каза болду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЭстрадный певец Децл
Эстрадный певец Децл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рэпер кечээ, 2-февралда, Ижевск шаарына концерт коюп барган.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Децл каймана аты менен таанылган Россиянын белгилүү рэпери Кирилл Толмацкий каза болду. Бул туурасында рэпердин атасы Александр Толмацкий Facebook баракчасына жазды. 

Алдын ала маалыматтар боюнча Децл жүрөгү токтоп калып көз жумган. Бул тууралуу ырчынын концерттик директору Павел Беленец РЕН ТВ телеканалына маалымдаган.

"Бүгүн кечинде ал Ижевск шаарында концерт койгон. Сахнадан чыгып гримеркага баргандан кийин бир аз туруп өзүн жаман сезе баштады. Алдын ала маалымат боюнча анын жүрөгү токтоп калып каза болду", — деди Беленец.

Кечээ рэпер өзүнүн Twitter баракчасына пост жазып Пермден Ижевскиге баратканын кабарлаган.

Кирилл Толмацкий сахнада Децл каймана аты менен эл оозуна алынган.1983-жылы 22-июлда Москвада туулган.

Анын эң биринчи чыгарган "Кто? Ты" альбому Россияда эң көп сатылган альбомдордун тизмесине кирип миллиондон ашык нуска менен чыгарылган.

Рэпердин артында 14 жаштагы уулу калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0