Кайсы жакка бараар элеңиз? Дүйнөнүн эң романтикалуу шаарлары аныкталды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаалардын рейтингин түзүү үчүн дүйнөдөгү 66 шаарды анализдеп көрүшкөн.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Саякатчыларга арналган популярдуу Travel and Leisure порталы дүйнөдөгү эң романтикалуу шаарлардын рейтингин жарыялады.

Рейтинг социалдык тармактардагы маалыматтарга карап түзүлгөн. Тагыраак айтканда, ошол жакка барып баш кошууну каалаган түгөйлөрдүн хэштегин санап чыгышкан.

Тизменин сап башына Нью-Йорк шаары чыккан.

Экинчи орунда Лондон турат.

Ал эми үчүнчү орунду Лос-Анджелес ээлейт.

Мындан сырткары, алдыңкы ондукка Париж, Чикаго, Берлин, Сан-Франциско, Сидней, Майами жана Мельбурн шаарлары кирген. Романтикалуу шаарлардын рейтингин түзүү үчүн дүйнөдөгү 66 шаар анализденген.

Жаңылыктар түрмөгү
0