Учак киши жашаган үйгө кулады. АКШдагы кырсыктын видеосу

© AP Photo / Alex GallardoКрушение самолета в Калифорнии
Крушение самолета в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон аймактан анча алыс эмес аралыкта мектеп жайгашкан.

БИШКЕК, 4-фев. – Sputnik. Калифорния штатындагы Йорба-Линда шаарында учак кишилер жашаган үйгө кулады. Бул туурасында РИА Новости Sun басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Окуянын видеосун ага күбө болгон адам социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. 

​Аба кемеси эки үйгө келип түшүп жарылган да, андан кийин өрт башталган. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана Тез жардам келген. Жабырлангандар туурасында маалымат жок.

Басылма окуя болгон аймактан анча алыс эмес аралыкта мектеп жайгашкандыгын кошумча кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0