20 жылдан кийин рак илдети менен ооругандардын саны эки эсе көбөйөт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын 4-февралда дүйнө жүзү боюнча рак илдетине каршы күрөшүү күнү белгиленет.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 2040-жылга карата дүйнө жүзү боюнча рак илдетине чалдыккандардын саны эки эсе өсөт. Бул тууралуу Гейдельберг шаарындагы онкологиялык илим-изилдөө борборунун башчысы, профессор Михаэль Бауманн айтканын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Тилекке каршы, алдыдагы жылдары дүйнө жүзү боюнча рак илдетине чалдыккандардын саны өсөт. 2040-жылга чейин жаңы учурлардын көлөмү эки эсеге көбөйөт", — деди Бауманн.

Профессордун айтымында, Германияда эле 2030-жылдарга карата рак илдети менен ооруган жаңы учурлар 600 миңге чейин жетет. Германияда рактын түрдүү формасы менен жылына жарым миллионго жакын киши ооруйт.

Жыл сайын 4-февралда дүйнө жүзү боюнча рак илдетине каршы күрөшүү күнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0