Ачык кийим кийген кыз. Архивдик сүрөт

Төшү ачык кийим кийген сенатор айым талкууга түштү. Бразилиядагы окуя

1019
(жаңыланган 14:15 07.02.2019)
Өз мекенинде Паулинья деген ат менен көбүрөөк таанымал сенатор жергиликтүү ЖМКлардын да сынына кабылган.

Бразилиянын мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынына келген сенатор Ана Паула да Силва коомчулукту кызыл чеке түшүрдү.

Аялдын ачык кызыл түстөгү костюмунан көкүрөгү көрүнүп турат.

​ЖМКлардын айтымында, ал күнү Ана Паула да Силва сенатор катары ант бермек. Мыйзам чыгарууга киришкенге чейин Бомбиньяс шаарынын мэри болуп иштечү.

​43 жаштагы саясатчы айымдын кийими Reddit ресурсунда катуу талкууга алынды. Кээ бирлер аялдын образын мыкты десе, айрымдар өтө эле ачык экенин айтып сынга алышкан.

"Кийген кийими эмес, эмне жасап жатканы маанилүү", — деп жазган wearer_of_boxers аттуу пайдалануучу.

"Эми Бразилия АКШ президенти Дональд Трамптын бара турган мамлекеттеринин сап башына чыгат", — деп тамашалады Pokey_The_Bear.

"Siri, Бразилияга кандайча көчүп кете алам?" — деп какшыктаган CountChoculahh.

Өз мекенинде Паулинья деген ат менен көбүрөөк таанымал сенатор жергиликтүү ЖМКлардын да сынына кабылган. Андан соң саясатчы түшүндүрмө берип, "кийимим менен аялдар эркин тандоо укугуна ээ экенин эркектерге эскерттим" деген.

1019
Белгилер:
кийим, Бразилия
Тема боюнча
Чырайлуу, ич кийимчен, бай... Миллиондорду тапкан сулуулардын сүрөтү