Окумуштуулар улгайган курактагы төшөк мамилесинин артыкчылыгын атады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКары адамдар. Архив
Кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер мындай бүтүмгө келгенге чейин бир нече эксперимент жасаган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Улгайган куракта төшөк рахатын алган адамдар кем акыл дартына чалдыгуу коркунучунан алыс болот. Бул тууралуу "Известия" басылмасы британиялык окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Иликтөөлөр жумасына жок дегенде бир ирет төшөк кумарына баткан улгайган адамдар математикалык эсептерди төрт пайызга эрте чыгарарын көрсөткөн.

Окумуштуулардын айтымында, жыныстык катнаш учурунда бөлүнүп чыккан дофамин менен окситоцин гормондору улгайган адамдардын мээсинин иштешин жакшыртат.

Жаңылыктар түрмөгү
0