Телефондун экраны аркылуу ээсин көзөмөлдөп турган тиркемелер аныкталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОфициальный магазин Xiaomi в Москве
Официальный магазин Xiaomi в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер бул программалар банктык картанын сыр сөзүн да жазып алышы мүмкүндүгүн болжоп жатышат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Apple компаниясына таандык смартфондордун айрым тиркемелери экрандагы маалыматтарга көз жүгүртүп, ээсинин уруксаты жок маалыматтарды таркатышы ыктымал. Бул туурасында "Известия" басылмасы TechCrunch порталына шилтеме берип жазды. 

Телефон карамап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уюлдук телефондор эмне себептен жарылып кетет? Бишкектик адистин кеңеши
Аталган тиркеменин торуна авиабилеттер жана отелдердин брондолгон программасы, саякаттоонун планы, ошондой эле банктык кардарлар илинген.

Тиркемени Glassbox технологиясынын "сеансты кайрадан көрсөтүү" кызматы аркылуу кошуп, экрандагы болуп жаткандарды уруксаты жок жаздырып алууга болот.

Демек, тиркеме жеке маалыматтарды, маселен, паспортту жана банктык картанын сыр сөзүн өзүнө сактап кала алат. Эксперттер белгилегендей, мындай нерсе алдамчылардын ишине жол ачат. Айрым тиркемелер жеке маалыматтын аркасы менен каражат таап жаткандыгы да айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0