Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбул шаарынын Картал районунда урап түшкөн үйдөн маркум болгондордун сөөгүн жерге берүү зыйнатында

Стамбулда ураган үй: бир бүлөдөн 9 киши каза таап, жаназасына Эрдоган катышты

2154
(жаңыланган 10:19 11.02.2019)
Маркумдарды жерге берүү зыйнатына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарынын Картал районунда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан бир үй-бүлөдөн 9 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнатына президент Режеп Тайип Эрдоган баштаган мамлекеттик жетекчилер катышты.

"Ураган имараттын алдынан Алемдардын үй-бүлөсүнүн 9 мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Алардын жаназасына президент Режеп Тайип Эрдоган, коргоо министри Хулуси Акар, өнөр жай министри Мустафа Варанк, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, айлана-чөйрө жана шаар куруу министри Мурат Курум менен саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа келди. Жаназа намазын дин иштери боюнча министр али Эрбаш окуду", — деп айтылат маалыматта.

Аткаминерлер табыттарды мүрзөгө чейин көтөрүп барышкан.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча 6-февралда болгон кырсыктан 21 киши каза болгон. Түрдүү жаракаттарды алган 14 киши куткарылган.

2154
Белгилер:
жерге берүү, маркум, Режеп Тайип Эрдоган, Түркия
Тема боюнча
Стамбулдагы көп кабаттуу имараттын ураган учуру видеого тартылып калган
Стамбулда ураган үйдүн алдында 45 саат жаткан өспүрүм куткарылды