Ичилик ичип жаткан адамдар. Архив

Индияда жасалма арактын кесепетинен 100гө чукул киши каза болду

272
(жаңыланган 12:20 11.02.2019)
7-февраль күнү кечинде бир катар айылдардын жашоочулары жасалма арак ичип каза болгондорду жайына берүү үчүн чогулушкан.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш жана Уттаркханд штаттарында жасалма арак ичип 97 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, 7-февраль күнү кечинде бир катар айылдардын жашоочулары каза болгондорду жайына берүү үчүн Баллупур кыштагына чогулушкан.

Көз жумгандар тууралуу алгачкы маалымат жума күнү белгилүү болгон.

Полиция иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз чыгарылган 10 миң литр ичимдик тартып алынган. Ошондой эле 200 киши кармалган. Окуяга байланыштуу акциздик башкармалыктын бир катар кызматкерлери жумуштан айдалган.

272
Белгилер:
өлүм, арак, Индия
Тема боюнча
Окумуштуулар аракечтиктен арылуунун жаңы жолун табышты