Россияда рак илдетине каршы жаңы дары жасалды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул каражат көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар ракты дарылай турган жаңы дары ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бул каражат залалдуу шишикти иммунотерапия жолу менен дарылоого жардам берет.

Иммунотерапия — онкологиялык ооруларды дарылоонун жаңы ыкмасы. Мындай ачылыш жасаган АКШлык жана япониялык окумуштуулар 2018-жылы Нобель сыйлыгына татыган.

"2019-жылы каттоодон өткөрүлөт деп турган бул каражат Америка менен Япониянын окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган. Препарат Нобель сыйлыгына татыган башка дарылардын аналогу эмес. Тескерисинче, андан дагы күчтүүрөөк, жаңыраак десем болот", — деди Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунологу Алексей Новик.

Анын айтымында, бул дары рак илдетин дарылоону бир топ жеткиликтүү кылып, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0