Димаш Кудайбергендин күйөрмандары АКШда биринчи болууга жардам берди

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүОткрытие XXVII "Славянского базара" в Витебске
Открытие XXVII Славянского базара в Витебске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш байгеге миллион доллар сайылган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Америкада өтүп жаткан таланттуулардын The World's Best шоусунда эл сүймөнчүгү үчүн болгон добуш берүүдө жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды. 

​Жактырган катышуучуга добуш берүү Twitter баракчасында өткөн. Жеңиши үчүн Димаш 2500 доллар алат. Финалга беш күн калганда көрөрмандар бардык чыгарылыштын жыйынтыгы менен эң жакшы көргөн катышуучусун тандайт. Добуш берүүдө алдыңкы орунга чыккан катышуучу 10 миң доллар алат.

​The World's Best конкурсу - өзгөчө таланттуулардын дүйнөлүк конкурсу. Шоунун жеңүүчүсүнө бир миллион доллар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0