Кары адам. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар: акыркы 70 жылдан бери кишилер 22 жашка узак жашай баштады

204
(жаңыланган 09:46 12.02.2019)
Global Burden of Disease долбоору жер жүзүндөгү кишилердин жашоосу 1950-жылдан 2017-жылга чейин кандай өзгөргөнүнө анализ жасашкан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россиялык жана чет элдик эксперттердин баамында 1950-жылдан тарта балдардын өлүмү жети эсе азайып, кишилердин жашоосу 22 жылга узарган. Бул тууралуу Lancet басылмасы жазды.

Ага ылайык, Global Burden of Disease долбоору жер жүзүндөгү кишилердин жашоосу 1950-жылдан 2017-жылга чейин кандай өзгөргөнүнө анализ жасашкан.

Орто эсеп менен алганда эркектердин жашоо узактыгы 48 жаштан 70,5 жашка чейин узарса, аялдардыкы 53 жаштан 76 жашка чейин жеткен.

1950-жылдары беш жашка чейин ар бир бешинчи бала чарчап калган болсо, учурда бул көрсөткүч 3,9 пайызды гана түзөт.

Ал эми согуштан, терроризмдин түрдүү формаларынан каза болгондордун саны эки эсе өскөн. Ошондой эле ашыкча салмак дагы адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан негизги факторлордун бири болуп калганы изилдөөдө баса белгиленген. Ал ортодо дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде ашыкча салмак алгандар көбөйүп, экинчи типтеги диабеттен жылына миллиондон ашык киши өмүрү менен коштошот.

Global Burden of Disease долбоору — мониторинг жасаган эң ири долбоорлордун бири. Анын ишмердиги Бириккен Улуттар Уюму, Саламаттык метрикасын изилдөө институту жана Билл менен Мелинда Гейтстин фонду тарабынан колго алынып келет. Изилдөө иштерине 195 мамлекеттен адистер тартылган, андан сырткары, дүйнөдөгү алдыңкы илимий, медициналык борборлор дагы катышат.

 

204
Белгилер:
изилдөө, медицина, ден соолук
Тема боюнча
Исмаилова: адамдын инсульт болгонун 4 нерседен билүүгө болот
Окумуштуулар жаштыкты узартуунун жолун айтышты
Окумуштуулар депрессиядан арылтчу диетаны айтышты
Узун бойлуу аялдар узак жашайт. Окумуштуулардын аныктамасы
Окумуштуулар кайсы көнүгүүлөр ден соолукка зыян экенин айтышты