Кытай 3D-принтер менен эң узун көпүрө басып чыгарды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архивдик сүрөт
Куруучулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туурасы 3,6 метрге жеткен көпүрө Баошань аймагына орнотулду.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайдын Пекин архитектуралык университети 3D-принтерде узундугу 26,3 метрге жеткен бетон көпүрө басып чыгарды. Бул тууралуу Dezeen порталы жазды.

Туурасы 3,6 метрге жеткен көпүрө Баошань аймагына орнотулду.

Дизайнерлердин айтымында, көпүрөгө арматура колдонулбагандыктан бир топ үнөмдүү болду.

"176 бетон блогунан турган көпүрөнү 450 саат ичинде эки 3D-принтер басып чыкты", — деп жазылган макалада.

Көпүрөгө анын убакыт өткөн сайын кандай деформацияга дуушар болорун байкап турчу атайын жабдуу орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0