Эркек киши рак илдетине чалдыкканын алты нерседен билүүгө болот

© AFP / SHAH MARAIРебенок в больничной койке
Ребенок в больничной койке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер бул белгилерге убагында көңүл буруу менен ракты эртерээк аныктаса болорун айтты.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Онкологдор эркек киши рак илдетине чалдыкканын алты белгиден билсе болот дейт. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда рактын 4 түрү басымдуулук кылат. Эрнис Тилеков менен маек
Адистер бул белгилерге убагында көңүл буруу менен ракты эртерээк аныктаса болорун айтышууда.

Эң негизги белгилердин бири — сасык тумоого кабылбай туруп башталган жөтөл. Мындан сырткары, себепсиз салмак таштаган мырзалар дагы дарыгерге сөзсүз көрүнүп коюшу зарыл. Төшү шишип, дененин ошол бөлүгүндө жара, майда жаралар чыкса да залалдуу шишиктен кабар берет.

Заара ачышып, оорутуп чыкса, кансыроо болсо, ошондой эле эркектин жыныстык мүчөсүндөгү жумуртканын чоңоюусу дагы рактан кабар берерин адистер эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0