АКШ долларлары. Архив

Лотереядан 12 млн. доллар уткан киши итке минип калды

1347
Миллионер бир күндө 10 миңдей коротуп, Mercedes айдап, өтүп бара жаткан элге тамак-аш ыргытып көңүл аччу.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Улуу Британияда лотереядан миллиондогон фунт стерлинг уткан киши акыры же үйү, же унаасы жок кара жумушта иштеп жүргөнүн The Sun басылмасы жазып чыкты.

2002-жылы 19 жаштагы Майкл Кэррол 9,7 миллион фунт стерлинг (12,507 миллион доллар) утуп алган. Бир күндө 10 миңдей короткон жигит Mercedes айдап, өтүп бара жаткан элге тамак-аш ыргытып көңүл аччу. 2012-жылы Кэррол үрүп чыгаар ити жок калган.

"Миллиондорум 10 жылда жок болду. Өзүмө таандык үй да, унаа да жок. Бирок эч нерсеге өкүнбөйм, жеңил келген нерсе жеңил учуп кетет экен", — деген Майкл.

Ушу тапта мурунку миллионер Шотландияда жашайт. Көмүр ташып, отун жарып, күнүнө 12 сааттан иштейт. Кэррол кайрадан иштей баштаганда өзүн аябай бактылуу сезгенин айтып берген.

1347
Белгилер:
унаа, акча, лотерея
Тема боюнча
Испаниялык үй-бүлө пирогдун ичинен 10 миң евролук чек таап алды
Мына сага жаңы жылдык жомок! Бельгиялык дарыгер заматта миллионер болду