Оорулуу кишиге уйкунун эмне пайдасы бар экени айтылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота сельской больницы в Новгородской области
Работа сельской больницы в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө уйкунун бузулушу чоң көйгөйгө айланган. Бул өз кезегинде адамды депрессия менен стресске кабылтат.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Уйку учурунда бейтаптын организми иммундук клеткаларды "программалап", инфекция менен активдүү күрөшүүгө мажбурлайт. Мындай бүтүмгө келген медиктер макаласын Journal of Experimental Medicine журналына жарыялашты.

Окумуштуулардын айтымында, уйку иммундук системаны башкарган Т-клеткалардын ишин активдештирет.

"Бүгүнкү күндө уйкунун бузулушу чоң көйгөйгө айланган. Бул өз кезегинде адамды депрессия менен стресске кабылтат", — деди Германиядагы Тюбинген университетинин илимпозу Лючиана Беседовски.

Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: акыркы 70 жылдан бери кишилер 22 жашка узак жашай баштады
Адамдын жана жан-жаныбарлардын мээси сигналдардын эки түрүн берет. Анын бири организмди уйкуга түртсө, экинчиси тескерисинче уйку бербейт. Дал ушул белгилерден улам тирүү организм түндө уктап, эртең менен ойгонот. Бул ыргактын бузулушу уйкусуздук менен нарколепсияга тушуктурат.

Окумуштуулардын экспериментине бир нече бейтап жана ден соолугу жакшы кишилер катышкан. Алар эки топко бөлүнүп, биринчиси кадимки жашоо менен күн кечирсе, экинчи топтогулар уйку бетин көргөн эмес. Натыйжада биринчи тайпадагылардын иммунитетинин активдүүлүгү уктап жаткан учурда көтөрүлгөнү, ал эми экинчи топтогу адамдардыкы начарлап кеткени аныкталган.

Дал ушул тыянак оорулуу адамдардын уктап тургандан кийин абалы жакшырып калуусунун сырын ачып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0