Таиландда калыңга акчасы жетпей, кемпирди тоногон жигит кармалды

© AP Photo / Rick BowmerПриют в центре города Солт-Лейк-Сити
Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайлыктардын салты ушул жагынан кыргыздардыкына окшош экен. Кызды алып кетүү үчүн күйөө бала кадимкидей калың төлөшү керек.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Таиландда 30 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызынын калыңын төлөгөнгө акчасы жетпей жаткандыктан, кемпирдин сумкасын жула качкан. Бул тууралуу Nation гезити жазды.

Уурдалган баштыктын ичинде 4 миң бат (8 миң сомдун тегереги) жана телефон болгон.

Изи сууй электе полициянын колуна түшүп калган уурунун айтымында, ал ата-энеси 14-февралга белгилеп койгон үйлөнүү тоюна чейин кыздын калыңына берчү каражатты чогултушу керек болчу.

"Кыздын ата-энеси келечектеги күйөө баладан 60 миң бат (120 миң сомдун тегереги) жана 20 миң баттык алтын чынжыр талап кылышкан", — деп жазылат макалада.

Тайлыктардын салты ушул жагынан кыргыздардыкына окшош экен. Кызды алып кетүү үчүн күйөө бала кадимкидей калың төлөшү керек. Бирок акыркы жылдары бул адатты илимдүү-билимдүү же шаар жергесинде жашаган жаштар тоготпой келишет. Көпчүлүк үй-бүлө калың алган күндө дагы ошол эле сумманы жаш үй-бүлөгө жардам катары үлпөт тоюна белек кылып коет.

Жаңылыктар түрмөгү
0