Энергетикалык суусундукту көп ичкен студент кесепетин көрсөттү. Сүрөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭнергетикалык суусундуктар. Архив
Энергетикалык суусундуктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигит күнүнө үч шише суусундук ичип турган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Улуу Британияда жашаган студент энергетикалык суусундуктарды көп ичкендиктен маңдайкы төрт тиши сынып, башка тиштери да жабыркаганын Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы жигит бир жумада 45 шише суусундук ичип турган, башкача айтканда, бир күнгө үч литр туура келет. Ал колледждеги окуусуна жана башка иштерге чарчабай жетишүү үчүн ушундай кадамга барган.

​ЖМКнын жазышынча, жети айдан кийин студент алма жеп жатканда маңдайкы төрт тиши сынып калган. Ал эми тиш доктур жигиттин бардык тиши жабыркаганын, 24үнө пломба коюу зарылдыгын айткан.

Басылманын белгилешинче, ар бир энергетикалык шишиде орто эсеп менен 54 грамм шекер бар, ал эми кишинин бир күндүк муктаждыгы болгону 30 граммды 

Жаңылыктар түрмөгү
0