Жамбашын чочко тиштеп алган моделдин видеосу элди күлкүгө салды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПляждагы эс алуучулар. Архив
Пляждагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапайы жандыктын "кол салуусунан" латынамерикалык фотомоделдин жамбашы жабыркаган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Латынамерикалык белгилүү фотомодель Мишель Левиндин Instagram баракчасына жүктөгөн видеосун бир сутканын ичинде беш миллиондон ашык киши көргөн. Бул тууралуу Sputnik Молдова жазып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Michelle Lewin (@michelle_lewin)

Видеодон модель кыздын купальникчен Багамдагы Биг-Мэйджор-Кей аралынын жээгинде эс алып жүргөнүн көрүүгө болот.

Бир убакта кокустан жээкте жапайы чочколор пайда болуп, анын бири фотомоделдин жамбашын тиштеп алган.

Жапайы чочконун "кол салуусунан" кыздын жамбашында жаныбардын тиштеринин изи калып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0