7 сааттан кем уктоо өлүмгө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын иликтөөсү

Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, адамдын инсультка кабылышына атеросклероз дарты бирден-бир себеп болот.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Күнүнө жети сааттан аз уктаган адамдарда инсультка кабылуу тобокелчилиги көбүрөөк болорун Массачусетс жалпы клиникалык ооруканасынын дарыгерлери аныктаган. Бул туурасындагы илимий иш Nature журналына жарыяланган.

Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: акыркы 70 жылдан бери кишилер 22 жашка узак жашай баштады

Экспериментти чычкандарга жүргүзүшкөн. Аларды эки топко бөлүп, биринчиси түндө жети сааттан аз уктаган, экинчиси көп уктап бирөө ойготкондо гана турган. Жыйынтыгында аз уктаган чычкандарда лейкоциттин деңгээли жогорулап, атеросклероз кагылтыры өсүп кеткен. Ошол эле учурда эки топтогу чычкандардын тең салмагы жана холестериндин деңгээли өзгөргөн эмес.

Дарыгерлердин айтымында, адамдын инсультка кабылышына атеросклероз дарты бирден-бир себеп болот. Анда мээде кан айлануу бузулуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0