"Артты көздөй" зуулдаган "Жигули". Соцтармакты күлкүгө салган видео

© Sputnik / Алексей МальгавкоЖигули автоунаасы. Архив
Жигули автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ставрополдук ойлоп тапкыч эски автоунааны артты көздөй жүргөндөй кылып жасап алган. Аны америкалык миллиардер Илон Маск да көрүп суктанды.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Көпчүлүк айдоочулардын көңүлүн тез ылдамдыкта артты көздөй жүргөн "Жигули" бурган.

Жаш жигит ал унаанын кыймылдаткычы менен рулун арткы отургучка орнотуп алып шаар аралап жүргөн. Анын видеосу социалдык тармактарга бат эле тарап, жада калса Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск дагы өзүнүн баракчасына бөлүшкөн.

"Комсомольская правда" басылмасы унааны жасап чыккан 18 жаштагы Сергей Артюшенко беш жылдан бери ширетүүчүлүк менен алектенип, интернет колдонуучуларын таң калтырган "Жигулини" эки түндө эле жасагандыгын жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0