Москвадагы массалык мушташта унаа жууган эки адам каза тапты

© Sputnik / Анна Соловьева / Медиабанкка өтүүФутбол. Кубок России. Матч "Шинник" - "Спартак"
Футбол. Кубок России. Матч Шинник - Спартак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган окуядан жабыр тарткан кыргызстандыктардын бар, жогун тактап жатат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Москванын түштүк-чыгышындагы массалык мушташта эки адам каза болгонун РИА Новости жазды.

Көзөмөл камерадагы видео Россиянын тергөө комитетинин YouTube каналына жайгаштырылган. 

Кадрда окуя Волгоград проспектисинин унаа өткөн бөлүгүндө болгонун көрүүгө болот. Жаңжалдан кийин топ адам жерде жаткан адамдын жанына барган. Бир аздан кийин полиция менен Тез жардам кызматы келген.

Мушташ. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Интернетте тараган эркектердин массалык мушташы Ошто болдубу? УКМК жообу
Укук коргоочулардын берген маалыматы боюнча 30 жаштагы эркек киши дарыгерлер келгичекти эле жан берген. Дагы бир адам клиникадан көз жумган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, окуяга унаа жууган жайдагы кызматкерлердин урушу себеп болгон.

РФтин Кыргызстандын элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган окуядан жабыр тарткан кыргызстандыктардын бар, жогун тактап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0