Чемпион болгон спортчу күзөтчү менен мушташып көз жумду. Россиядагы видео

Жазылуу
51 жаштагы күзөтчү менен спортчунун кайым айтышуусу жаңжалга алып келгенин тергөөчүлөр белгиледи.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Москвада күзөтчү менен мушташып Россиянын оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) боюнча 22 жаштагы чемпиону Геннадий Павлов каза болгонун РИА Новости жазды.

Окуя 17-февраль күнү эртең менен Россиянын Санариптик башкаруу, байланыш жана массалык коммуникация министрлигинин имаратынын аймагында болгон. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча 51 жаштагы күзөтчү менен тургундун кайым айтышуусу мушташка чейин жеткен. Жаңжал учурунда эсин жоготуп койгон спортчунун каза болгонун дарыгерлер аныкташкан.

Көп өтпөй интернетке камерага түшүп калган мушташтын видеосу тараган.

Кадрларда көрүнүп тургандай, жаш жигит күзөтчүгө кол салып, бир нече ирет кол менен сокку узатууга үлгүргөн. Бирок 51 жаштагы эркек аны жерге жыгып салган.

Бои без правил в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Карс эткени угулду... ММА мушкери атаандашын тебем деп бутун сындырып алды
Россиянын Санариптик башкаруу, байланыш жана массалык коммуникация министрлиги окуя имараттын аймагында болгонун тастыктады.

Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат. Ал эми күзөтчү убактылуу эч жакка чыкпайм деген кагазга кол коюп кое берилген. Жакынкы убакта экспертиза жаш жигиттин өлүмүнүн себебин аныктай турганы да айтылды.

Орлов облусунун спортчусу универсалдуу мушташ боюнча өлкөнүн биринчилигин уткан, ошондой эле бир катар мелдештерде байгелүү орундарды алып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0