Эркектин жүрөк оорусун аныктоонун эң оңой жолу табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөнүгүү жасап жаткан адам. Архив
Көнүгүү жасап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар 10 жыл бою эксперимент жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Гарвард университетинин (АКШ) адистери 18-66 жаштагы эркектердин жүрөк оорусун текшерүүнүн эң оңой жолун айтышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Деятельность республиканского наркологического центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар депрессиядан арылтчу диетаны айтышты
Экспериментке Индиана штатында мурда иштеген жана ушу тапта иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр катышкан. Окумуштуулар 100 куткаруучунун ден соолугун 10 жыл бою көзөмөлдөп турушкан. Дарыгерлердин пикиринде, жүрөк оорусу жөнүндө эркек жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасап жатканда билип алса болот.

Мисалы, жерден 10 жолудан аз түртүлгөндөр жүрөк-кан тамыр ооруларына эрте кабылышы мүмкүн. Ал эми 40 жана андан көбүрөөк көнүгүү жасай алгандар жүрөк ооруларынан эки эсе аз жабыркашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0