Колуктунун гүлүн талашып мушташып кеткен кыздар. Видео

© AFP / PATRICK BAZГүл кармап турган кыз. Архив
Гүл кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Дагестанда үлпөт той учурунда болгон.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Известия" басылмасынын билдиргенине караганда, окуянын видеосу социалдык тармакта 19-февраль күнү пайда болгон.

Кадрда колуктунун ыргыткан гүлүн эки кыздын кармап алганын көрүүгө болот. Гүл талашкан кыздар бир топко чейин бири-бири менен алпурушкан. Натыйжада экөөнү ажыратканга туура келген.

Видео дагестандыктар тарабынан катуу сынга кабылды. Көпчүлүк кыздардын мындай аракетин уят катары кабылдаган.

"Кыздардын аябай күйөөгө тийгиси келип жатканы көрүнүп турат. Мындайларды ким алмак эле? Күйөөсү өмүр бою уялып жүрө турган окуя", — деп жазган окурмандардын бири.

Индиядагы үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда ок жеген кыз үлпөт тоюн жылдырбастан, сүйүктүүсү менен баш кошту
Айрымдар гүл ыргытуу кавказ элинин салтына коошпой турганын айтышкан.

"Бир дагы гүл турмушка чыгууга жардам бербейт. Ал үчүн ыйбаа, акыл-эс керек", — деди дагы бири.

Буга чейин Өзбекстанда өз тоюнда жолдошунан жаакка жеген колуктунун видеосу да жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0