Samsung компаниясы жаңы Galaxy Fold смартфонун Сан-Франциско шаарында элге көрсөттү

Планшетке айланып калган смартфон. 2000 долларлык телефондун видеосу

262
(жаңыланган 12:10 26.02.2019)
Смартфон сатып алам дегендердин колуна телефон төрт түстө апрелдин соңунда 1980 долларлык баа менен тиет.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Samsung компаниясы жаңы Galaxy Fold смартфонун Сан-Франциско шаарында элге көрсөттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аппараттын түзүүчүлөрү бүктөлгөн түрдө диагоналы 4,6 дюймду, ал эми жазганда планшетке айланып, диагоналы 7,3 дюймду түзүп каларын айтышты. Аны колдонгондор бир учурда эле үч тиркеме менен иштей алат, алдыңкы экранды жылдырганда арткысы менен биригип, кадырысе эле чоң экенин байкоого болот.

Смартфон сатып алам дегендердин колуна телефон төрт түстө апрелдин соңунда 1980 долларлык баа менен тиет. Бул жаңылык ноябрда эле кабарланып, LTE жана 5G стандарттарын кармай турганы айтылган.

Джастин Денисон, старший вице-президент по разработке мобильных продуктов, рассказывает о цветовых вариантах нового смартфона Samsung Galaxy Fold в среду, 20 февраля 2019 года, в Сан-Франциско
© AP Photo / Eric Risberg
Смартфон сатып алам дегендердин колуна телефон төрт түстө апрелдин соңунда 1980 долларлык баа менен тиет

Samsung Galaxy мындан сырткары S10 (S10+, S10E вариациялары) аппаратынын флагмандарын жарыя кылды. Анын камерасы алда канча жакшырып эки линза тагылгандыгы, ал эми артында "үч камера" орнотулганы айтылган. Эми техниканын ээси сүрөттү кадыресе эле фотограф сымал тартып калат дешти.

Galaxy S10 (диагоналы — 6,1 дюйм) сатыкка 8-мартта чыкмакчы, баасы 899 доллар. Ал эми диагоналы 6,4 дюйм болгондорунун баасы 999 доллар, Galaxy S10е (5,8 дюйм) 749 доллардан сатылары айтылды.

В этот вторник, 19 февраля 2019 года, фотография представляет собой выбор новых смартфонов Samsung Galaxy S10 во время предварительного просмотра продукта в Сан-Франциск
© AP Photo / Eric Risberg
Galaxy S10 (диагоналы — 6,1 дюйм) сатыкка 8-мартта чыкмакчы, баасы 899 доллар. Ал эми диагоналы 6,4 дюйм болгондорунун баасы 999 доллар, Galaxy S10е (5,8 дюйм) 749 доллардан сатылары айтылды

2019-жылдын жай айында бешинчи муунду кармай алган биринчи смартфон деген Galaxy S10 5G сатыкка чыкмакчы.

262
Белгилер:
планшет, смартфон, Samsung
Тема боюнча
Телефондун экраны аркылуу ээсин көзөмөлдөп турган тиркемелер аныкталды
Уюлдук телефондор эмне себептен жарылып кетет? Бишкектик адистин кеңеши
Кооптуу делген смартфондор аталды