Тайванда төшүн чоңойтуудан баш тарткан келинди күйөөсү өлтүрүп салды

© AFP / MIGUEL MEDINAПроизводство имплантантов Sebbin laboratories
Производство имплантантов Sebbin laboratories - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пэн аттуу келин мурда күйөөсүнүн каалоосу менен төшүн операция кылдырып чоңойткон.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Тайвандык 32 жаштагы эркек келинчеги төшүн экинчи ирет чоңойтуудан баш тарткандыгы үчүн өлтүрүп салды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Жизнь в Дагестане - Sputnik Кыргызстан
Тамашалайм деп жаакка жеди! Өз тоюнда бозала болгон колуктунун видеосу
Пэн аттуу келин мурда күйөөсүнүн каалоосу менен төшүн операция кылдырып чоңойткон. Качан жолдошу ушундай эле талапты экинчи ирет кое баштаганда аялы 9 жаштагы уулу менен 6 жаштагы кызын алып кетип калган.

Пэндин ата-энесинин айтымында, кызы менен неберелерин акыркы жолу көргөндө алар ажырашуунун шарттарын талкуулоо үчүн күйөөсүнүн унаасына түшүп кеткен.

"Эртеси күнү полиция төртөөнүн тең сөөгүн унаанын ичинен таап алды. Алдыңкы орундукта колу байланган аялы, арткысында балдары отурган. Полициянын божомолуна караганда, эркек үй-бүлөсүн унаанын газына же тамакка ууланткан", — деп жазылат макалада.

Үй-бүлө каза болгон унаа балдардын чоң атасына тиешелүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0