Трамп менен Ким Чен Ындын чач жасалгасы "мода" болууда. Сүрөт

© AFP / SAUL LOEBВстреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына
Встреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция эки саясатчынын февраль айында Ханойдо боло турган жолугушуусуна карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Вьетнамдын борборундагы сулуулук салондору өзгөчө акция өткөрүп жатканын жар салышты. Бул тууралуу ABC News басылмасы жазып чыккан.

Чачтан портрет тарткан Умар. Сүрөтчү болбой калган чач тарачтын өнөрү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Чачтан портрет тарткан Умар. Сүрөтчү болбой калган чач тарачтын өнөрү видеодо
Билдирүүгө ылайык, Ле Туан Дуонг аттуу чач тарач АКШ президенти Дональд Трамп жана Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ындыкындай кылып бекер чач кырка баштаган.

Акция эки саясатчынын февраль айында Ханойдо боло турган жолугушуусуна карата уюштурулууда.

Дуонгдун айтымында, 10дой кардар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чачтарын өзгөчө кырктырышкан.

"Ханой — тынчтык шаары. Дональд Трамп менен Ким Чен Ын тынчтык тууралуу бул жакка келип сүйлөшүү жүргүзөрүн укканда мен ханойлуктар саммитти колдой турганын көргөзгүм келди", — деген чач тарач.

Дуонг учурда элдин көбү чачын Ким Чен Ындыкындай кырктырып жатканын кошумчалаган.

АКШ менен Түндүк Корея башчыларынын кезектеги сүйлөшүүсү Вьетнамдын борборунда 27-28-февралда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0