Быйыл космоско жалаң аялдардан турган экипаж учат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЗапуск ТПК "Союз МС-09» с участниками длительной экспедиции МКС-56/57
Запуск ТПК  Союз МС-09» с участниками длительной экспедиции МКС-56/57 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космоско аттанган экипаж аялдардан гана турган учур буга чейин болгон эмес.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Адамзаттын тарыхында ачык космоско чыга турган экипаж жалаң аялдардан турган учур биринчи ирет болууда. Алар америкалык Энн Макклейн менен Кристина Кук. Бул туурасында РИА Новости Космонавттарды даярдоо борборуна шилтеме берип жазды. 

"Биз Макклейн экөөбүз ачык космоско чыга турган болдук", — деди Кук ааламга аттанаар алдында берген маалымат жыйынында.

Тарыхта ачык космоско аялдар арасында биринчилерден болуп 1984-жылы Светлана Савицкая чыккан. Буга чейин мындай маанилүү учурларда экипаждын жалаң аялдардан турган фактысы кездешкен эмес.

Биринчи жолу космостон тартылган 8к форматындагы видео - Sputnik Кыргызстан
Биринчи жолу космостон тартылган 8к форматындагы видео
Космонавттарды даярдоо борборунан ведомстволор аралык комиссиядан экипаж учууга даяр экенин тастыкташты. "Союз МС-12" кораблин учуруу 14-мартта пландалып жатат. Космоско россиялык Алексей Овчинин менен америкалык Ник Хейг да учат, алар октябрда "Союз-ФГ" ракетасынын авариясынан улам Эл аралык космос станциясына жетпей калышкан.

Космонавттар станциянын сыртындагы өзгөчө материалдарды сүрөткө тартып, Жерге жиберет. Ал эми окумуштуулар космостук шарттар аларга кандай таасир эткендигин изилдейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0