Башка эмне кылам? Аял күйөөсүн табыты менен кошо өкмөт имаратына алып келди

© Sputnik / Андрей СтенинТабыт. Архивдик сүрөт
Табыт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөк Самарадагы жаназа жайында турат, аял күйөөсүн эми айылга алып барып көмүүгө камынып жатат.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Самара облусунун жашоочусу күйөөсүнүн сөөгү салынган табытты өкмөттүн имаратынын алдына алып келип, нааразылык билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ал сөөктү жашыруу, жерге берүү кызматы кымбат болгондуктан ушундай кадамга баргандыгын айтып берди.

"50 миң рубль сурашты. Мен баламды жалгыз багып жатам. Андай акчаны кайдан алам?" — деп айтты ал РЕН ТВнин суроолоруна жооп берип жатып.

Губернатор Дмитрий Азаров Коррупция менен күрөшүү департаментине жана шаар башчысына бул маселени "тез арада териштирүү" боюнча тапшырма берген. Андан сырткары, маркумдун артында калган жакындарына колдоо көрсөтүү милдетин таккан. Ал эми полиция текшерүү иштерин баштады.

"Башка эмне кылмак элем?"

Аял РИА Новости агенттигине аймактык бийлик коомчулукка маалымат тарап кеткенден кийин жардам сунуштаганын, бирок ал андан баш тартканын айтты.

Эмне үчүн өлүктү өкмөткө алып келгендигин сураганда "Башка эмне кылмак элем?" деген жообун айткан.

"Азыр мага эч кандай жардамдын кереги жок, буга чейин муктаж болгом. Бизди көрүстөндөрдүн аймагына киргизбей койгондо күндүзү жардам сурап кайрылгам. Кечки саат жетиде Самаранын ортосунда табытты кучактап жалгыз калганда, албетте, эмне дээримди билбей калдым", — деп айтып берген ошондогу абалын.

Азыр аялдын айтканына караганда, сөөк Самарадагы жаназа жайында турат, ал эми аял жалгыз баласы менен жашаган Тольятти шаарына кетти. Ал күйөөсүн эми айылга алып барып көмүүгө камынып жатат.

Мүрзө каздырбай коюшту

Индонезияда энесинин сөөгү салынган табыт кулап, уулу мерт болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Индонезияда энесинин сөөгү салынган табыт кулап, уулу мерт болду. Видео
Самара облусундагы Красноярск районунун Эл өкүлдөр палатасынын депутаты Азат Туймасов РИАга мүрзөдө болгон чатакка күбө болгонун айтып берди.

Анын айтымына караганда, аял жаназа кызматын көрсөткөн тармактагы таанышына маркумду көмүүгө көмөктөшүүсүн суранып чалган. Ал Рубежное көрүстөнүнө уруксат алган.

Анткен менен мүрзөгө келген 20-30 киши анын жай каздыруусуна каршы болушкан.

Бул окуядан кийин гана аял күйөөсүн табыты менен кошуп өкмөттүн имаратынын алдына алып барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0