Мына сага! Илон Маск 30 жылга ипотека алды

© AFP / Robyn Beck / POOLСоучредитель и главный исполнительный директор Tesla Inc. Илон Маск
Соучредитель и главный исполнительный директор Tesla Inc. Илон Маск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми ал 30 жыл бою ай сайын 180 миң доллардан төлөп туруусу зарыл.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Tesla электромобилдерин өндүргөн ишкананын жетекчиси жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск 61 миллион долларга ипотека алганын Bloomberg жазды.

Басылманын маалыматына караганда, 2018-жылдын аягында Маск төрт кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн Morgan Stanley банкынан 61 миллион доллар насыя алган. Калган акча менен 2012-жылы алган башка ипотекасынан кутулду.

Эми ал 30 жыл бою ай сайын 180 миң доллардан төлөп туруусу зарыл.

Ишкер өзү бул маалымат тууралуу үн каткан эмес, ал эми Маск менен иштешкен банк комментарий бере албасын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0